10.07.2018 15:45

Кундуз Жолдубаева: «Бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эле эмес, өз энесин сатып кеткендер да бар»

Кундуз Жолдубаева: «Бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эле эмес, өз энесин сатып кеткендер да бар»

КСДП партиясы бүгүн, 10-июлда Чүй облусунун Москва районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен өткөн жыйын боюнча комментарий берди. 

«Маскарапоздорго жооп кайтаргыбыз деле келген эмес. Тилекке каршы, бийликке жагыныш үчүн Атамбаевди эле эмес, өз энесин сатып кеткендер да бар», -дейт партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Анын айтымында, КСДПда деле кызмат жана бийликке илинүү үчүн келген адамдар бар. Сагынбек Абдрахманов дагы алардын катарында.

«Ар-Намыстын» мурунку мүчөсү КСДПга келгени Атамбаевдин арты менен ЖКда депутат да болду, губернатор да болду, «Кыргызалтындын» башчысынын орун басары да болуп иштеп көрдү. Тилекке каршы, Москва районунда биздин партиянын мурунку жана азыркы мүчөлөрүнөн бир нече ушундай  «экземпляр» бар. Аларга балким, бир нерсе убада кылышкандыр, ошону актаганга жанталашып жатышат. Москва районунда өткөн чогулушка КСДПдан болгону 15 адам катышты. Эл көзүнө деп дагы 50-60 адам топтошту. Көптөрү ал жакка эмне үчүн чогулуп жатышканын деле билбей барышкан. 

Атамбаев А.Ш. КСДПны партиянын  катарына бийлик жана кызмат үчүн келгендерден  тазалайм деп бир нече жолу айткан. Мындай «уйгактар» партияда акыркы убакта көбөйүп кетти. Эгер алар Сагынбек Абдрахмановдун артынан өздөрү кетсе, кубанычта гана болобуз. 

КСДПда өтүп жаткан тазалануу процесстери биринчи жолу байкалып жаткан жок. 90-жылдардын акырында Акаевдин убагында Атамбаевди мамлекеттик унаа тебелеп кетүүгө аракет кылган. Ошондо партиядан акимдер менен губернаторлор жапырт качышкан. Бакиевдин убагында да КСДПны алсыратуу аракеттери көрүлгөн.  

Москва районунда КСДПнын мүчөлөрү 80 гана адамды түзөөрүн айта кетпесек болбойт. Башка аймактардагы райондордо мүчөлөрдүн саны миңден ашат.  Бүгүнкү өткөн  чогулуш «жыйын» макамына да ээ боло албайт. Анткени, КСДП уставынын талаптары жана аймактык партиялык уюмдар тууралуу жобо сакталган эмес. Буга чейин кабарлангандай, райондук конференцияны өткөрүү, эгерде ал же райондук координатордун демилгеси боюнча, же партиянын жогору турган органы тарабынан чакырылганда гана легитимдүү болуп эсептелет. Райондук партиялык конференцияларды даярдоо  КСДПнын катчылыгы менен өз ара аракетте жүргүзүлүүгө тийиш. Мындай иш бир да райондо жүргүзүлгөн эмес. КСДПнын областтык координаторлорунун институту бир нече жыл мурда жоюлуп кеткен, ошондуктан областтык партконференцияларды борбордук органдардын – төраганын жана саясий кеңештин чечими менен гана өткөрүүгө мүмкүн. Уставка ылайык, ар кандай башка иш-чаралар конференция болуп аталбайт жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн чогулушунун гана статусуна ээ болот. КСДПнын эч кандай кезексиз съездин өткөрүү каралбаганы да анык», -деп жазылат билдирүүдө. 

Эскерте кетсек, бүгүн айрым ЖМКлар Чүй облусунун Москва районунда "КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өтүп жатканы тууралуу жазып чыгышкан. Ага КСДП "мүчөлүктөн чыгарылган" деп билдирген Сагынбек Абдрахманов катышып, партияны тазалоо тууралуу сөз болуп жатканы айтылган. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаевди партиянын төрагалыгынан кетирүү жөнүндө маселе каралат делген.